Загрузка документа…
ОРТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орток айыл аймагынын айылдык Кенешинин V-чакырылышынын кезексиз 26-сессиясынын
2021-жылдын 26-январынын № 2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403-токтомунун негизинде Нарын районунун Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы №403-токтомунун негизинде Нарын районунун Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигине өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн Орток айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн штаттык бирдигине ылайык жер, турак жай, муниципалдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адисти жетектөөчү адиске 2020-жылга баалоонун жана айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу менен айыл аймагындагы кирешелер боюнча жетектөөчү адисти башкы адис кызмат ордуна которулсун.
2. Айыл акысын штаттык бирдиктин негизинде эсептеп берүү жагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Э. Айсаевага милдеттендирилсин.
3. Токтомду Ortok. naryn-region.kg веб сайтына жайгаштыруу Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысынын милдетин аткаруучу Т.Асанкожоевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Өмүрзаковго милдеттендирилсин.
Төрага | К.Субанбеков |