Загрузка документа…
ОРТОК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орток айыл аймагынын айылдык Кенешинин V-чакырылыштагы кезексиз 24-сессиясынын
2020-жылдын 29-апрели № 1
Орток айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган МТЗ-892.2 Беларусь үлгүсүндөгү тракторун сатуу жөнүндө
Орток айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган МТЗ-892.2 үлгүсүндөгү тракторун, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык,Орток айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2016-жылы өндүрүштөн чыгарылган, 0031PRNB мамлекеттик номердеги, баланстык баасы 1 457 000 сомду түзгөн, Орток жайыт пайдалануучулар бирикмесиндеги жайыт комитетинин оперативдүү башкаруусундагы МТЗ-892.2 Беларусь үлгүсүндөгү тракторун, Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамына ылайык,сатыка чыгарууга макулдук берилсин.
2. Сатылган техникадан түшкөн каражатка, жалпы Орток айыл аймагынын чарбалык жумуштарына керектүү деп табылган, самосвал оор жүк ташуучу КамАЗ үлгүсүндөгү автомашинасын сатып алуу сунушу жактырылсын.
3. Токтомду Ortok.naryn-region.kg веб сайтына жайгаштыруу Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Э.Өмүрзаковго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Сеңирбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | К.Субанбеков |