Загрузка документа…
ОРТОК АЙЫЛ КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Орток айыл аймагынын айылдык кеңешинин 5- чакырылыштагы кезексиз 24 - сессиясынын
2020-жылдын 3 декабры №2
Орток айыл аймагынын Оорук-Там айылына бала-бакча ачуу жөнүндө
Орток айыл аймагынын Оорук-Там айылынында бул убакка чейин бала-бакча жок болгондуктан бала-бакча ачууга тиешелүү каржылык маселелерин чечип берүү жобосун бекитип берүү тууралуу Орток айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушун талкуулап Орток айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын сессиясы
токтом кылат:
1.Оорук-Там айылына «Оорук-Там келечеги» бала-бакча ачылсын.
2.Жаңы ачылып жаткан бала-бакчанын жобосу бекитилсин жана мамлекеттик юридикалык каттоодон өткөрүлүп, мөөрү алынсын.
3.Жаңы ачылып жаткан бала-бакчага кызматкерлердин айлык акысын мамлекеттик каржылоого алып берүү Нарын райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4.Бала-бакчанын банктан эсеп счету ачылып, ата-энелерден балдардын тамак ашына төлөнгөн акча каражаттары банктык эсепке салынып мыйзам чегинде чыгымдалсын.
5.Бала-бакчанын имаратынын техникалык параметрлерине ылайык электр энергияга жана жылытууга көмүр менен камсыздоого энерго паспорту даярдалып бүткөрүлүп жергиликтүү бюджеттен каржылоого сунушталсын.
6.Токтомду Ortok. naryn-region.kg веб сайтына жайгаштыруу Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу жооптуу катчысынын милдетин аткаруучу Т.Асанкожоевге милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Орток айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Өмүрзаковго милдеттендирилсин.
Төрага |
К.Субанбеков |