Бишкек шаары, Өкмөт Үйү2005-жылдын 30-сентябрындагы ПЖ № 418 КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ "Мамлекеттик органдын статс-катчысын жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат ордун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 3-ноябрындагы Жарлыгына толуктоо киргизүү тууралу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 22-сентябрындагы № 387
Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук маалыматтык ресурстар,технологиялар жана байланыш агенттигинин
Жобосуна жана структурасына ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларын ылайык келтирүүмаксатында токтом кылам: 1. "Мамлекеттик органдын статс-катчысын жогорку администрациялык мамле-кеттик кызмат ордун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2004-жылдын 3-ноябрындагы № 376
Жарлыгынын "Стат-катчынын кызмат орду уюштурула турган мамлекеттик органдарынын тизмеси" деген тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын: "Улуттук маалыматтык ресурстар, технологиялар жана байланыш агенттиги". 2. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республика-сынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу иштер жана мамлекеттик башка-руу саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн. 3. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев