Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 4- сессиясынын
2021-жылдын 16-июлу № 4/2
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине киреше бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021 -жылдагы бюджетинин киреше бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү каржы министрлигинен кошумча 1250,2 миң сом план суроо боюнча Дөбөлү айыл өкмөтүнун башчысы А.Т.Бектемировдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап,Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетине пландан сырткары кошумча жаратылыш активдерин пайдалануу үчүн даты башка төлөмдөр боюнча 285,2 миң сом , салык агента төлөөчү киреше салыгынан 965,0 миң сом түшкөндүгүнө байланыштуу бюджеттин киреше бөлүгүн 1250,2 мин, сом өлчөмүнө көбөйтүлүп бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинен бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүп берүүгө тиешелүү документтерди даярдап ,жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн.
Төрага | С.Кадырбеков |