Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVIII-чакырылышынын кезексиз 6-сессиясынын
2021-жылдын 02-августу №6/1
Дөбөлү айыл аймагын жайыт комитетинин жана Дөбөлү айыл өкмөтүнүн аткарган иштерин угуу жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагын жайыт комитетинин жана Дөбөлү айыл өкмөтүнүн аткарган иштерин угуп, Дөбөлү айыл аймагынын айыл тургундарынын ооз эки кайрылуусундагы маселелерди жеринде карап, иш аракеттерди көрүү максатында Дөбөлү айылдык кенеш токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагындагы алыскы, ортонку жайыттардын жолдорун жеринде Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттары жана жер комиссиялары менен бирдикте аткарылган иштерин жеринде көрүп, керектелүүчү жабдыктардын жана чыгымдарын эсептөө Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кенештин айыл чарба жана жер боюнча туруктуу комиссиянын төрасы А. Мамытовго милдеттендирилсин.
2. Дөбөлү айыл аймагында бардык жерлердин маселелери боюнча Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кенешке маалымат берип, тиешелүү документтерди убагында мыйзамга ылайык иш алып баруу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн айыл чарба жана жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси Б. Токталиевге тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну өзүмө калтырамын.
Төрага | С.Кадырбеков |