Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 54- сессиясынын
2021-жылдын 05-февралы № 54/1
Алыш айылына электр трансформаторун орнотууга жер аянтын бөлүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын Алыш айылынын Т. Аргынбаев көчөсүнө электр трансформатор орнотуу үчүн жер бөлүп берүү боюнча Алыш айылынын тургундарынын кайрылуусунун жана Нарын райондук электр тармактарын тейлөө мекемесинин сунушунун негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1.Дөбөлү айыл аймагынын жер жана турак жай боюнча комиссиясынын 2021-жылдын 21-декабрь №7 отурумунун токтому бекитилсин.
2. Алыш айылындагы Т. Аргынбаев көчөсүндөгү Султаналиев Сапарбектин үйүнүн мандайынан жолдун түндүк тарабынан 16 чарчы метр жер аянты бөлүнүп берилсин.
3.Бөлүнгөн жер аянттарына электр трансформаторлорду орнотуу, ондоо, техникалык коопсуздуктарды сактоо Нарын районунун электр тармактарды тейлөө мекемесинен суралсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси Б. Токталиевге тапшырылсын.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У. Алсейитовго тапшырылсын
Төрага | Уланбек уулу Ж. |