Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 56- сессиясынын
2021-жылдын 15-марты № 56/1
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу «Сейил-Булак» аймагындагы соода- сатык участкасын ижарага берүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу «Сейил-Булак» аймагындагы соода- сатык участкасын ижарага берүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин сессиясы токтом кылат:
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу «Сейил-Булак» аймагындагы соода-сатык участкасы ижарага 0,4-0,5 га бөлүп, бир участок кылып, 15(он беш) жылга, имарат курулуп бүткөнчө 2(эки) жылга баштапкы старттык баасы 50000 сом менен берилсин.
1.Имарат курулуп бүткөндөн кийин, ижара акысы жана узартылган мөөнөтү кайрадан каралсын.
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси Б. Токталиевге тапшырылсын.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У. Алсейитовго тапшырылсын.
Төрага | Уланбек уулу Жолдошбек |