Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 56- сессиясынын
2021-жылдын 15-марты № 56/2
Дөбөлү айыл аймагынын Дөбөлү айылындагы эски гараждын жер аянттын өнөр жай жеринен калктуу көнуш жерине которуп, жеке менчикке берүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын Дөбөлү айылындагы эски гараждын жер аянттын өнөр жай жеринен калктуу конуш жерине которуп, жеке менчикке берүү максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1.Дөбөлү айылындагы эски гараждын жер аянты калктуу конуштар жерине которулсун.
2. Которулган жерден Дөбөлү айылынын тургундары Сакеев Бейшенаалыга, Кулматов Карыпбайга, Турадалиев Тилекке жана Эдилбек уулу Кычанга эски газдын жеринен Бугубаев Топчубекке там салууга 0,25 га жер аянты жеке менчикке бөлүнүп берилсин.
3.Эски гараждын жер аянтында казылып калган ороону (пагреб) жери, гараждын кун батыш тарабынан тартып, жолдун тундук тарабындагы жер аянты өндүрүш үчүн, Чекиров Акбардын тамынын Жумабаев Өмүрбектин тегирмен жайгашкан жер аянтка чейин жер аянты спорт аянтчасын куруу учун айыл өкмөттүн карамагына калтырылсын.
4 Жогорудагы жер аянттар боюнча айыл өкмөттүн жер жана турак жай комиссиясынын чечими чыгарылсын.
5.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер адиси Б. Токталиевге тапшырылсын.
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У. Алсейитовго тапшырылсын.
Төрага | Уланбек уулу Ж. |