Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 57- сессиясынын
2021-жылдын 25-марты № 57/2/
Дөбөлү айылдык тарыхый-этнографиялык музейге Калназаров Кайып атабыздын ысымын берүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын Дөбөлү айылынын тургуну Калназаров Кайып атабыз Дөбөлү айылындагы тарыхый-этнографиялык музейинин 1993-жылы уюштурган, «Эмгек Кызыл Туу» ордени, «Эмгектеги каармандыгы үчүн», «Эмгектеги артыкчылыктары үчүн», «Эмгек ветераны» медалдарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Президиумунун 2 жолку «Ардак Грамотасынын», Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин «Ардак Грамотасынын», Монгол Эл Республикасынын 60 жылдык юбилейлик медалынын «Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоосуна эмгек синирген кызматкер» ардак наамынын ээси, «Кыргыз Республикасынын өзгөчө эмгек синиргендиги үчүн» наамындагы персоналдык пенсионер, 1979-1989-жылдардагы Нарын областык советинин 4 жолку депутаты, 1990-1995-жылдардагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты, 2009-жылы «Илим» басмасынан чыккан «Заповедниктеги ача туяктуу жаныбарлардын сырдуу дүйнөсү», 2012-жылы «Учкун» басмасынан чыккан «Кыргызстанда бугу (марал) эң ыйык жаныбар» аттуу китептердин автору. Каланазаров Кайып атабызга Дөбөлү айылдык тарыхый-этнографиялык музейге ысымын берүү максатында Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө» мыйзамынын 18-беренесинин негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кенеши токтом кылат:
1.18-май Эл аралык музей күнүнө карата Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдык тарыхый-этнографиялык музейге Калназаров Кайып атабыздын ысымы берилсин.
2. Бул токтомду жүзөгө ашыруу жагы Нарын райондук маданият бөлүмүнөн суралсын.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы тарыхый-этнографиялык музейдин башчысы С.Урбаевага милдеттендирилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Уланбек уулу Жолдошбек |