Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 53- сессиясынын
2021-жылдын 21-январы №53/4
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин сметасын бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021- жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү боюнча Дөбөлү жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Ж.Султановдун билдирүүсүнугуп жана талкуулап, Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2021-жылдагы бюджетинин киреше бөлүгү 483,0 миң сом болуп бекитилсин. Мунун ичинен 30% 144,9 миң сом айыл өкмөтүнүн бюджетине чегерилип,калган 338,1 миң сом акча каражаты төмөндөгү чыгымдарга бөлүнүп берилсин:
-Эмгек акыга 144,0 миң сом;
-Социалдык фондго толом 24,8 миң сом;
-жайыттын инфраструктурасын жакшыртууга 109,8 миң сом;
-Күйүүчү майга 20,0 миң сом;
-Техниканын запастык бөлүктөрүн алууга 15,0 миң сом;
-Ар кандай чыгымдарга 24,5 мин, сом.
2.Тиешелүү документтерди даярдоо жана токтомдун чечимдерин аткаруу Ж.Султановго, Г. Курманалиевага милдеттендирилсин ,
3.Көзөмөлгө алуу жана акчалай каражаттарды которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн.
Төрага | Уланбек уулу Ж. |