Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 53- сессиясынын
2021-жылдын 21-январы № 53/1
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин жана атайын каражаттардын киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021 -жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүн бекитүү боюнча Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Алсейитов Уланбек Сагынбековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021 -жылдагы бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү бюджеттик каражаттар 8032,1 миң сом көлөмүндө, атайын каражаттар 675,0 миң сом көлөмүндө бекитилсин. Бардыгы 8707,1 миң сом.
2.Бюжеттин киреше бөлүгү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
бирдиктүү киреше сальны 2746,0 миң сом;
милдеттүү патент салыгы 6,8 миң сом;
ыктыярдуу патент салыгы 115,0 миң сом;
мүлк салыгы 26,0 мин, сом;
транспорт салыгы юридикалык жак 10,0 миң сом;
транспорт салыгы жеке жак 230,1 миң сом;
короо алдындагы жер салыгы 96,5 миң сом;
улуш 224,3 миң сом;
айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы 396,3 миң сом;
лицензия алуудан төлөмдөр 175,0 миң сом;
айыл ичиндеги жер арендасы 24,0 миң сом;
жайыттын арендасы 483,0 миң сом ;
КБФ нын жерлеринин арендасы 32,6 миң сом;
тецдештирилген грант 3466,5 миц сом.Бардыгы 8032,1 миң сом.
3.Бюжеттин чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
— Айыл өкмөттүн кызматкерлеринин штаттык бирдиги негизги кызматкерлер 11 тат, кичи персонал 2 штат ,эмгек акысы 4387,0 миң сом,социалдык фондго болгон төлөмү 648,6 миң сом болуп бекитилсин.
— Маданият кызаткерлеринин штаттык бирдиги 10,5 штат, эмгек акысы 1008,2 миң сом, социалдык фондго болгон төлөмү 174,0 миң сом болуп бекитилсин.
— Дөбөлү жайыт пайдалануучулар бирикмесинин чыгымдарына 338,1 миң сом бекитилсин.
— бала бакчалардын тамак-ашына 505,5 миң сом;
— көмүр сатып алууга 242,5 миң сом;
— электр энергиясын төлөөгө 728,2 миң сом, бардыгы 8032,1 миң сом.
4.Киреше бөлүгүнө бекитилген жергиликтүү салык жыйымдарынан жана теңдештирилүүчү гранттан түшүүчү акча каражаты бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн корголуучу беренелерине толук жетпей калгандыктан жана пландалган социалдык- экономикалык маселелерди чечүүгө кошумча республикалык каражаттан 2 млн.сом суралсын.
5.Атайын каражатка ата-энелерден тамак-ашка түшүүчү спонсордук жардам киреше жана чыгаша бөлүгү 675,0 миң сомдун өлчөмүндө бекитилсин. Ай сайын ата-энелер алынуучу взностун көлөмү 500 сом болуп бекитилсин.
6. 2022 -жылга Дөбөлү айыл өкмөтүнүн киреше жана чыгаша бөлүгү болжолдуу 8938,0 миң сом, 2023-жылга киреше жана чыгаша бөлүгү болжолдуу 9071,6 миң сом болуп бекитилсин.
7.Тиешелүү документтерди даярдап жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага
Төрага | Уланбек уулу Жолдошбек |