Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 53- сессиясынын
2021-жылдын 21-январы № 53/2
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине жыл башында калган бюджеттик жана атайын каражатты пайдалануу жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы жыл башында калган бюджеттик жана атайын каражаттын киреше жана чыгаша белугун талкуулап, Дөбөлү айылдык кенешинин сессиясы токтом кылат:
1 .Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021 -жылдын бюджетинде жыл башына калган каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгү 3145,8 мин сом көлөмүндө бекитилсин.
2.Аталган сумма төмөндогү статьяларга жумшалсын.
-Күйүүчү май алуу учун айыл өкмөтүнө 100,0 мин сом, мектептерге 30,0 мин сом;
-Автотетиктерди алуу үчүн айыл өкмөтүнө 70,0 миң сом, Токтосунов орто мектебине 50,0 мин сом, Алыш орто мектебине 20,0 мин сом;
-Компьютерлерди ондоо ,информациалык кызматтар учун 50,0 мин сом;
— Ар кандай иш чараларды уюштурууга 100,0 мицң сом;
-жолбун иттерди атууга 10,0 мин сом,
-турак-жай камсыздандырууга 17,5 мин сом;
-Өзгөчө кырдаалдар үчүн 100,0 мин сом;
-Башка кызмат көрсөтүү үчүн төлөмдөр 245,0 миң сом;
-Имараттардын учурдагы ремонтуна 110,0 миң сом;
-Курулмалардын учурдагы ремонтуна 60,0 миң сом;
-Инвентарь алууга 60,0 миң сом;
-майда чарбалык буюмдар жана канцеляриялык товарларды алууга 100,0 миң сом;
-Көмүр алууга 130,0 миң сом;
-Электр энергиясынын төлөмүнө 200,0 миң сом;
-Курулмалардын капиталдык ремонтуна 380,0 миң сом;
-АРИС проектисинин көмөгү менен «Небере келечеги»балдар бакчасынын курулушуна
өздүк салым үчүн 651,3 миң сом;
-Имараттардын капиталдык ремонтуна 115,0 миң сом
-Мебель алууга 195,0 миң сом;
-Дөбөлү клубуна музыкалык аппаратура алууга 100,0 миң сом;
-Компьютердик жабдууларды алууга 252,0 миң сом;
Бардыгы 3145,8 миң сом.
3.Дөбөлүайыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинде жыл башына калган атайын каражаттын киреше жана чыгаша бөлүгү 97,3 миң сом көлөмүндө бекитилсин.
4.Аталган сумма төмөндөгү статьяларга жумшалсын.
-“Аруу тилек” балдар бакчасына өткөн жылдан тамак-аш алуудан карызын жабууга
66,6 миң сом;
-“Небере” балдар бакчасынын тамак-аш алуудан карызын жабууга 26,0 миң сом;
-“Бала нур” балдар бакчасына өткөн жылдан тамак-аш алуудан карызын жабууга 4,7 миң сом;
5.Тиешелүү документтерди даярдап жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу
жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы
Э.Турганбаевага жүктөлсүн.
Төрага | Уланбек уулу Ж. |