Загрузка документа…
САРЫ-ОЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Ой айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XVIII сессиясы
2019-жылдын 23-апрели № 18/16
“Сары-Ой айыл аймагынын Жылан-Арык айылындагы Карачалов Жүдөмүш, Шамкеев Алмаз, Жылан-Арык, Орто-Сырт, Кайкалак көчөлөрүнө Сары-Ой калктуу конушундагы Кошалиев Керим атындагы көчөгө, көчөлөрдүн аттарын тактага жаздырууга акча каражатын бөлүү жөнүндө”
Сары-Ой айыл аймагынын Жылан-Арык айылындагы Карачалов Жүдөмүш, Шамкеев Алмаз, Жылан-Арык, Орто-Сырт, Кайкалак көчөлөрүнө Сары-Ой калктуу конушундагы Кошалиев Керим атындагы көчөгө көчөлөрдүн аттарын тактага жаздырууга акча каражатын бөлүү жөнүндө Сары-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Б. өмүралиевдин билдирүүсүн угуп Сары-Ой айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Ой айыл аймагынын Жылан-Арык айылындагы Карачалов Жүдөмүш, Шамкеев Алмаз, Жылан-Арык, Орто-Сырт, Кайкалак көчөлөрүнө Сары-Ой калктуу конушундагы Кошалиев Керим атындагы көчөгө, көчөлөрдүн аттарын тактага жаздырууга, 2019-жылдын 1-январына калган кирешенин эсебиндеги акча каражаатынан 22211200 беренесине 44,0мищ сом бөлүнүп берилсин.
2. Көчөлөрдүн аттарын жаздыруу боюнча сатып алууларды Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө КРнын мыйзамын жетекчиликке алып иш жүргүзүү айыл өкмөтүнүн бөлүм башчысы (К.Султанова) тапшырылсын.
3. Көчөлөргө жасатылган такталарды мамлекеттик каттоо кызматындагы маалыматарга ылайык үй ээлери менен биргеликте бекиттирүү айыл өкмөтүнүн жер адиси (Р.Нааматбеков) тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мандат, бюджет, экономика курулуш жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б. Кошалиев. |