Загрузка документа…
КАЗАН-КУЙГАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 01-марты № 1
Казан-Куйган айыл аймагындагы жеке агрономдордун иштөө тартибин бекитүү жөнүндө
Казан-Куйган айыл аймагындагы дан эгин,картошка,жашылча жемиштердин жана башка өсүмдүктөрдүн илдеттери,зыянкечтери көбөйүп фермерлерге өтө көп зыяндар келгендиктен жеке агрономдун иш жүргүзүп айыл чарба өсүмдүктөрдүн илдеттерин жана зыянкечтерине каршы иш жүргүзүү максатында жеке агроном Күнтуганов Кубаттын баяндамасын угуп жана талкуулап Депутаттардын Казан-Куйган айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХХV IIчакырылышынын ХХХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Казан-Куйган айыл аймагынан Күнтуганов Кубат жеке агроном катары иш жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2. Айыл тургундарынан фермерлердин заявкалары боюнча дан эгиндерин ,картошкаларын,жашылча жемиштердин жана башка өсүмдүктөрүн 1 га жерди 1500 сомдон илдеттерге,зыянкечтерге каршы иштетүү тарифи бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөт башчысы Ырысбек уулу Элдарга тапшырылсын .
Төрага | М. Шалтаев |