АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын XXVII-чакырылыштагы Ак-Кудук айылдык кенешинин кезектеги I-сессиясы
2021-жылдын 2-марты № 1/9
Ак-кудук айыл аймагынын тазалык жыйымынын тарифтерин бекитүү,кароо жөнүндө
Ак-Кудук айыл аймагына караштуу 8-Март, Шоро, Ак-Кудук айылдарынын таштандыларын тазалап чыгаруу боюнча тазалык жыйымынын тарифин бекитүү үчүн Ак-Кудук айылдык кенешинин депутаттары
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагында жашап жаткан ар бир түтүнгө 50 сом өлчөмүндө тазалык жыйым чогултуу бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Ак-Кудук айыл өкмөтүнүн башчысы К.Рыскелдиевге милдеттендирилсин.
Төрага | З. Алдыкеев |