Загрузка документа…
АК-КУДУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 10-июну № 3
Чабандарды Ак-Сай жайлоосуна көчүрүү жана Ак-Кудук айылдык кенешинин 2021-жылдын 2-мартындагы № 1/8 токтомунун 3-пунктуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Ак-Кудук айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ак-Кудук айылдык кенешинин 2021-жылдын 2-мартындагы № 1/8 токтомунун 3-пунктуна төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин.
- Мал багуу акылары жана айып пулдары кой-эчки жана бодо мал тууралуу.
Кой-эчки үчүн 40 сом
Бодо мал-300 жана бука – 350 сом менен чечиди.
2. Ак-Сайдагы УДП жерин толук өзүбүз пайдалануу үчүн, ички жайыттарды эс алдырууга калтырып, майда малдар толук Ак-Сайга көчүрүлсүн.
3. Айыл ичиндеги чабыр малдарды багуу үчүн айыл башчысы тарабынан иш чара уюштурулуп, ирээтке келтирилсин.
4. Ар бир түтүндөн 4,5 чабыр мал алып калууга уруксаат берилсин.
5. Ак-Сай жайлоосуна көчпөгөн чабандарга бузуулар боюнча кодекстин негизинде айып пул салынсын.
6. Бул токтомдун аткарылышы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
Төрага | Б. Кадиева |