Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 49- сессиясынын
2020-жылдын 16-октябры № 49/2
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине кошумча сметасын бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдагы бюджетинин чыгаша бөлүгүнө кошумча смета киргизүү боюнча Дөбөлү айыл өкмөтүнун башчысы У.С.Алсейитовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1 .Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетине кошумча смета киреше жана чыгаша бөлүгү 500,0 миң сомго бекитилсин,акча каражаттары төмөндөгү чыгымдарга бөлүнүп берилсин:
-Дөбөлү клубунун жылуулук системасын оңдоо жана эшик-терезелерин алмаштырууга дем берүүчү (үлүштүк) грант менен капиталдык оңдоо иштерине өздүк салым үчүн 257,9 миң сом;
-Башка чарбалык чыгымдарды төлөө кызматтары үчүн 71,2 миң сом.,
- Дөбөлү клубунун жылуулук системасы үлүштүк гранттын эсебинен оңдолуп, ишке киргендигине байланыштуу көмүр сатып алуу үчүн 84,9 миң сом,
-«Түндүк» системасынын кызматын,»Электрондук өкмөт», казына , электрондук сатып алуулар кызматтарын пайдаланууга интернет байланыш кызматынын төлөмдөрүнө 20,0 миң сом,
- Клубдун учурдагы ремонтуна 36,0 миң сом,
- Компьютер алууга 30,0 миң сом
2.Тиешелүү документтерди даярдап, жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн.
Төрага | Уланбек уулу Ж. |