Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 49- сессиясынын
2020-жылдын 13-октябры № 49/3
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу «Салкын төр» участкасындагы 1 га жердин аренда акысын бекитүү жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жеке ишкер Э.Ш.Мамытова менен №608 контурундагы 1 га жерди арендага берүү келишимин аренда акысын кайра карап берүү тууралуу Э.Ш.Мамытованын жазган арызын карап, Дөбөлү айылдык кеңешинин сессиясы
токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жеке ишкер Э.Ш.Мамытова менен №608 контурундагы 1 га жерди арендага берүү боюнча 2015-жылдын 3 ноябрында түзүлгөн келишимин «Бай төр» эс алуучу жайынын ишке берилип, кошумча салык төлөмдөрү төгүлүп жаткандыгына байланыштуу жердин аренда акысы 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө бекитилип берилсин.
2. Тиешелүү документтерди даярдап жана токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Э.Турганбаевага жүктөлсүн.
Төрага | Уланбек уулу Ж. |