Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 50- сессиясынын
2020-жылдын 26-октябры № 50/1
Дөбөлү айыл аймагынын Дөбөлү айылынын жеке агроном Алтымышов Аманбек Муктарбековичтин иштөө тартибин кароо жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын Дөбөлү айылынын тургуну Алтымышов Аманбек Муктарбекович жашылча, дан эгиндердин , бак дарактардын, алма, өрүктөрдүн илдетине каршы иш алып барууда эл аралык уюмдардын колдоосу менен окуп, тажрыйбалуу болгондугуна байланыштуу коомчулукка пайда алып келүүнүн негизинде Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кенеш токтом кылат:
1. Дөбөлү айыл аймагынын айыл чарба өсүмдүктөрүнүн илдеттерине жана зыянкечтерине каршы аграном катары иш жүргүзүүгө Алтымышов Аманбек Муктарбековичке макулдук берилсин.
2. Дөбөлү айыл аймагынын тургундарынын жана фермерлердин илдеттерге, зыянкечтерге каршы дарылоодо колдонмолор(заявка) боюнча 1гектар дан эгин, картошка аянттарына1000(мин) сом, 1түп алма, өрүктөргө 100(жүз)сом болуп иштетүү тарифи бекитилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Дөбөлү айыл өкмөтүнүн Жерге жайгаштыруу жана айыл чарба боюнча башкы адиси Б. Токталиевге тапшырылсын.
Төрага | Уланбек уулу Ж. |