Загрузка документа…
ДӨБӨЛҮ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын кезексиз 51- сессиясынын
2020-жылдын 04-декабры № 50/1
Дөбөлү айыл аймагынын бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2021-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Дөбөлү айыл аймагынын бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2021-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо максатында Дөбөлү айыл аймагынын айылдык кеӊеши токтом кылат:
1. Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобосуна ылайык, жалпы сметалык наркы: 3228174,24 (үч миллион эки жүз жыйырма сегиз миӊ жүз жетимиш төрт) сомду түзгөн Дөбөлү айыл аймагынын Ө.Токтосунов орто мектебине жылуулук системасын жана жылуулук трассасын орнотуу долбоору жактырылсын.
2. Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 645634,8 (алты жүз кырк беш миӊ алты жүз отуз төрт) сом 2021-жылдын бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы У.Алсейитовго милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Ж. |