Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз III сессиясынын
2021-жылдын 21-июлу № 1/7
«Нарын өндүрүштүк ишканасы» жоопкерчилиги чектелген коомунун кубаттуулугу 100 МВт түзгөн Куланак ГЭСинин обьектилеринин курулушуна бөлүнүүчү жер аянттарынын категориясын которууга макулдук берүү жөнүндөгү Миң-Булак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын депутаттарынын кезексиз III сессиясынын 02.03.2020-жылдагы №3/3 токтомуна өзгөртүү толуктоолорду киргизүү жөнүндө.
«Нарын өндүрүштүк ишканасы» жоопкерчилиги чектелген коомунун кубаттуулугу 100 МВт түзгөн Куланак ГЭСинин обьектилеринин курулушуна, Нарын районунун Миӊ-Булак айыл аймагына тийиштүү жер аянттарын бөлүп берүү боюнча, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине, «Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын №145 мыйзамынын 7-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген « Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө» убактылуу жобосуна таянып, Миӊ-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊешинин сессиясы токтом кылат:
1. Нарын районунун Миӊ-Булак айыл аймагында жайгашкан, жалпы аянты 27,32 га мамлекеттик менчиктеги жайыт (контур № 175-0,7 га, № 174-2,0 га, №171-0,6 га, №172-6,66 га, №180-2,43 га, №179-2,60 га, №178-6,2 га, №178-0,5 га, №207-0,3 га, №314-0,9 га, №169-0,1 га, №170-0,1 га, №149-1,6 га, №167-0,67 га, №166-0,73 га, №157-0,26 га, №157-0,97 га) жерлерди « Айыл чарба багытындагы жерлер» категориямсынан, «Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонун жерлери жана башка багыттагы жерлер» категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдо белгиленген пунккуттар өз убагында толук аткарылбаса, ар кандай өзгөрүүлөр жана кырдаалдар пайда болгон учурда ушул токтомго өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
3.Ушул токтомду бекитип берүү үчүн Нарын райондук мамлекеттик администрациясына сунуштоо жагы Миӊ-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
4.Ушул токтом Миӊ-Булак айыл өкмөтүнүн каттоодон өткөрүлүп, minbulak.naryn.region.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | А.Жамангулов |