Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылдык кеңешинин кезектеги V сессиясынын (алтынчы чакырылыштагы)
2019-жылдын 28-декабры № 1
«Отуз-Адыр айылдык аймагынын социалдык–экономикалык өнүгүү программасынын 2019-жылда аткарылышы жана 2020-жылга карата божомолу, Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-жылдагы аткарылышын бекитүү жана 2020-жылга карата бюджети жөнүндө»
Отуз-Адыр айылдык аймагынын социалдык–экономикалык өнүгүү программасынын 2019-жылда аткарылышы жана 2020-жылга карата божомолу, Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-жылдагы аткарылышын бекитүү жана 2020-жылга карата бюджети жөнүндөгү маселелерди карап чыгып жана талкуулап, «Кыргыз Республикасынын бюджети жөнүндө» мыйзамынын негизинде Отуз-Адыр айылдык кеңешинин депутаттарынын, бюджеттик мекемелердин жетекчилеринин сунуштарын эске алуу менен айылдык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-жылдагы киреше бөлүгүнүн аткарылышы 24265,6 миң сомго, чыгаша бөлүгү- 24029,3 миң сомго бекитилсин:
1. Отуз-Адыр айылдык аймагынын социалдык–экономикалык өнүгүү программасынын жана бюджетинин 2019-жылда аткарылышы жана 2020-жылга карата божомолу көңүлгө алынсын.
2. 2020-жылга карата Отуз-Адыр айылдык аймагындагы ишкана, мекеме –уюмдардан түшүүчү киреше менчик түрүнө карабастан жергиликтүү бюджетке төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин
- салык кирешесинин жалпы суммасы 9699,9 миң сом.
- салык эмес кирешелер, аренда акы 3001,0 миң сом.
-теңдөөчү грант 10317,8 миң сом
Бюджеттик кирешелердин жыйынтыгы: 23018,7
-атайын каражат балдар бакчасы 4050,0 миң сом
Бардыгы: 27068,7 миң сом
Бардык киреше 27068,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомолу 2020-жылга 27068,7 миң сом го, 2021-жылга 27428,9 миң сомго белгиленсин.
4. Чыгашалар боюнча акча каражаты 2020-жылга 27068,7 миң сом өлчөмүндө бекитилсин анын ичинен:
1) Башкаруу аппаратына 31 штат бирдиги бекитилсин, жалпы эмгек акы фонду 5312,6 миң сомго бекитилсин от жагуучуга эмгек акы фондунун ичинен төлөнүп берилсин,.айыл башчылардын штат бирдигине 7 штат бирдиги бекитилсин.
Алардын кызматтык маяналары жетектөөчү адистин деңгээлинде бекитилсин.
2) Китепканага 1штат китепканачы бирдиги бекитилсин. Китепкана башчысынын эмгек акы фонду 81,0 миң сомго, гезиттерге жазылууга газеталарга жарыя берүүгө 60,0 миң сом бекитилсин.
3) Маданият үйү, Спорт сарай боюнча: 1 штат -маданият үйүнүн директору, 1 штат массалык-маданий иштер боюнча адис, 1 штат - техничка, 2 штат -күзөтчү. Бардыгы: 5 штат бирдиги бекитилсин.
Эмгек акы фонду 303,9 миң сомго бектилсин.
4) Балдар бакчасы боюнча атайын каражат эсебинен тарбияланып жаткан балдардын тамактануусуна 4050,0 миң сом бектилсин.
5) Айылдык Кеңештин төрагасына айыл өкмөтүнүн окладынан жөлөк пул төлөөгө 13,5 миң.сом бекитилсин.
6) Жайыт комитетинин иш-чаралары боюнча 100,0 миң.сом бекитилсин.
7) М.Жаманкулов орто мектебинин ашканасын ВППООНдун азык-түлүк программасынын кɵмɵгү менен ремонтоого 500,0 мин сом .
8) Резердик фондко 227,0 миң.сом бекитилсин.
9) Бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомолу 2020 –жылга 27068,7 мин сомго, 2021 – жылга 27428,9 мин сомго белгиленсин.
10) ) Чыгашаларды каржылоодо биринчи кезекте эмгек акы фонду, соц.фондко төлөөлөр жана башка коргоого алынган статьялар (дары-дармек,тамак аш женилдиктери) каржылансын.
5. Отуз-Адыр айыл ɵкмɵтүнүн 2019-жылдын 19-декабрындагы Республикалык бюджеттен кошумча бɵлүнгɵн 306,2 миң.сом акча каражатын Кара-Дɵбɵ айылындагы спорттук аянтчаны курууга бɵлүү жɵнүндɵгү 2019-жылдын 19-декабрындагы №267-б буйругу бекитилсин
6. Отуз-Адыр айыл өкмөтүндө 2019-жылы жергиликтүү бюджеттин чыгашаларынын айрым бөлүктөрүнүн каржыланбай калган чыгымдары 2020-жылдын бюджетинин эсебинен жана анын чегинде жүргүзүү жагы сунушталсын.
7. Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2018-жылга аткарылышын ар квартал сайын жыйынтыктап, айылдык кеңештин сессияларында, туруктуу комиссиянын кеңешмесинде угуп туруу айылдык кеңештин төрагасына милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин экономика жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына (Т.Жумаев) тапшырылсын.
Отуз-Адыр айылдык кеңешинин төрагасы |
Н.А.Калматов |