Загрузка документа…
АК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Сай айылдык кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2020-жылдын 6-июлу № 60
Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылынан жер аянтын которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү 2016-жылдын 19-мартындагы № 21, 2017-жылдын 1-июнундагы № 95 Мый замдарынын редекциясына ылайык, Ак-Сай айыл аймагында жашаган элдердин коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүн куруу үчүң, Ак-Сай айылдык кеңешинин V- чакырылышынын кезектеги XIII-сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ички иштер мннистирлигинин ички аскерлеринин 707 аскер бөлүгүн куруу үчүн, Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Көк-Таш айылынын СМУ участкасындагы №181 контурундагы 3.27га жайыт (Түп-тамырынан жакшыртылган жайыт) жер аянты "Айыл чарба багытындагы жердери" категориясынан "Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргонуу жана башка багытындагы жерлери" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун негизинде тийиштүү документтерди даярдоо жагы Ак-Сай айыл өкмөтүнүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөо жагы айылдык кеңештин жер маселеси боюнча түзүлгөн комитетине жүктөлсүн.
Ак-Сай айылдык кеӊешинин төрагасы |
А. Талиев |