Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 16-августу №44/4
Окуучуларды сарайлардан ташуу боюнча кызмат көрсөтүү келишими жөнүндө
Кочкор айылдык кеңешинин кезексиз XXXXIV-сессиясы, Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Абакировдун, айдоочу Т.Шаршеев менен айыл өкмөтүнө караштуу орто мектептерге окуучуларды алыскы сарайлардан алып келүү жана жеткирүү боюнча кызмат көрсөтүү № 17 келишимин карап чыгып, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 36-беренесине ылайык
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор айыл өкмөтүнүн, Кочкор айылынын И.Арабаев атындагы, К.Бай уулу атындагы жана Н.Жүндүбаева атындагы орто мектептеринин окуучуларын алыскы сарайдан алып келүү жана жеткирүү боюнча түзүлгөн №17 кызмат көрсөтүү боюнча келишими бекитилсин.
2. Келишим менен көрсөтүлгөн жоопкерчиликтер келишимди түзгөн тараптардын аткаруусуна алынсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Абакировго милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Ж.Балкыбеков |