Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-сентябры №45/1
Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз XXXX-cессиясынын 40\8 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кочкор райондук прокуратурасынын №11-92а-19 сандуу Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин 09.04.2019-жылдагы № 40\8 токтомуна карата каршылык билдирүүсүн карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу» жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор райондук прокуратурасынын №11-92а-19 сандуу каршылык билдирүүсүнүн негизинде Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин 9-апрель 2019-жылдагы «Кочкор райондук Таза Суу муниципалдык ишканасынын аталышын өзгөртүү жөнүндөгү» № 40\8 токтому жокко чыгарылсын.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага: | Т.Ж.Балкыбеков |