Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-сентябры №45/5
Кочкор райондук мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин имаратын курууга жер аянтын болуп берүү жөнүндө
Кочкор райондук мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин имаратына курууга жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө жазган өтүнүч катын карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор райондук мамлекеттик нотариалдык кеңсесинин имаратын курууга райондук Социалдык коргоо жана эмгекке жайгаштыруу мекемесинин түндүк тарабынан 200 чарчы метр жер тилкесин бөлүп берүү жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн жер адиси С.А.Бейшенкуловго тапшырылсын.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировго милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Ж.Балкыбеков |