Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-октябры №46/4
Кочкор айыл аймагына караштуу Кочкор айылындагы «Асел» бала бакчанын эски имаратын бузуу жөнүндө
Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 4-октябрындагы №1228- каты, Кочкор райондук «Асел» балдар бакчасынын 2019-жылдын 2-октябрындагы №189- каты жана Мамэкотехинспекциясынын Жумгал жана Кочкор райондору боюнча башкармалыгынын 2019-жылдын 25-сентябрындагы 0041255 текшерүү актысынын негизинде Кочкор айыл аймагына караштуу Кочкор айылындагы «Асел» бала бакчанын эски имараты урап, түшүү абалында болуп, тегерегинде ойноп жүргөн балдарды басып калуу коркунучу жаралган маселени карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Мамэкотехинспекциясынын Жумгал жана Кочкор райондору боюнча региондор аралык башкармалыгынын мамлекеттик инспекторлору тарабынан жараксыз деп табылган Кочкор айыл аймагына караштуу Кочкор айылындагы «Асел» бала бакчанын эски имараты бузулсун.
2.Буздуруу иштери тез арада башталсын жана бузуу иштерин көзөмөл кылууга атайын комиссия түзүлсүн.
3.Кочкор айыл аймагына караштуу Кочкор айылындагы «Асел» бала бакчанын эски имаратынын чыккан материалдарды акты менен Кочкор айыл өкмөтүнө өткөрүп берүү кайра Кочкор айыл өкмөтү тарабынан чыгыштоо жагы бала бакчанын башчысы Ф.Кадыралиевага тапшырылсын.
4.Бузуу иштерин жүргүзүүгө кете турган чыгымдар эски имараттан чыккан материалдардын эсебинен каржылансын.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировго милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Ж.Балкыбеков |