Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-майы №54/2
Акча каражатынын карап берүү жөнүндө
Көбөгөн-Сай участогуна жаңы бала бакча куруу үчүн жер аянтын сатып алууга каралган жана курулуш иштери үчүн каралган акча каражатынын багытын өзгөртүп берүү, Кочкор айылдык кеңешинин депутаты Жаналиева Гүлмиранын Кочкор аймактык ооруканасын мобилдик тобунун тамак ашына жана Кочкор айыл аймагына караштуу Теңдик айылынын Баба-Ата көчөсүнүн № 49\2 үйүнүн тургуну Тимурбек уулу Алмаздын химиятерапиясын үзгүлтүксүз алууга акча 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражатын карап берүү жөнүндөгү кайрылуусун карап, талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көбөгөн-Сай участогуна бала бакчанын куруу иштерине каралган 1,5 (бир жарым миллион) сомдон 900,0 (тогуз жүз миң) сом акча каражатынын багыты Көбөгөн-Сай участогунан бала бакча куруу үчүн жер аянтын сатып алууга каралып берилсин.
2. Көбөгөн-Сай участогуна бала бакча куруу иштерине каралган 1,5 (бир жарым милион) сом акча каражатынан 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражаты Кочкор айыл аймагына караштуу Теңдик айылынын Баба-Ата №49\2 үйүнүн тургуну 1.12.1989-жылы туулган Тимурбек уулу Алмазга химиятерапиясын үзгүлтүксүз дарыланууга каралып берилсин.
3. COVID-19 вирусунун алдын алуу максатында Кочкор аймактык ооруканасынын түзүлгөн мобилдик тобунун тамак ашына Кочкор айыл өкмөтүнүн өзгөчө кырдаалындагы акча каражатынан 20,0 (жыйырма миң) сом акча каражаты каралып берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировго милдеттендирилсин.
Төрага: | Т.Ж.Балкыбеков |