Загрузка документа…
КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 18-майы №54/3
Муниципалдык мүлктүн ижарасы үчүн төлөмдүн мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2020-жылдын 30-мартындагы №186 буйругунун негизинде, COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу экономикалык жана социалдык туруктуулукка келтирген терс таасирди азайтуу максатында, муниципалдык мүлктүн ижарасы үчүн төөлөмдөрдүн мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын 13-апрель 2020-жылдагы № 638-катын карап, талкуулап «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Учурдагы , COVID-19 вирусунун жайылышына байланыштуу экономикалык жана социалдык туруктуулукка келтирген терс таасирди азайтуу максатында, муниципалдык мүлктүн ижарасы үчүн төөлөмдөрдүн мөөнөтүн 2020-жылдын 1-апрелинен тартып 3 айга кийинкиге жылдырылсын.
2.Токтомду аткаруу жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн салык инспектору боюнча адистерине тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Б.Абакировго тапшырылсын.
Төрага: | Т.Ж.Балкыбеков |