КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезексиз XXXXXIV сессиясы
2020-жылдын 18-майы №54/5
Жайыт акысын бекитүү жөнүндө
Турист тосуу үчүн боз үй тигип жайыт пайдалануу үчүн жайыт акысын бекитип берүү жөнүндөгү Большевик айылынын айыл башчысы М.Таласовдун сунушун карап, талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Кочкор айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Турист тосуу үчүн боз үй тигип жайыт пайдалануу акысы 2000 (эки миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Большевик айылынын айыл башчысы М.Таласовго тапшырылсын.
Төрага: | Т.Ж.Балкыбеков |