Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-июну №51/1
Ак-Муз айыл аймагынын “Бороонду” участкасындагы 2,5 га жер аянтын которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын “Бороонду” участкасындагы № 413, № 405, № 903 контурунда жайгашкан “Айыл –чарба багытындагы жерлер” категориясындагы 2,5 гектар жер аянты жайыт жерлер түрүнөн өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргоонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.ak-muz-aimak.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | У.Мокешов |