Загрузка документа…
АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-июну №51/3
Ак-Муз айыл аймагынын “Бороонду-Мүрөк” ИСКАКБне акча каражат которуу жөнүндө
Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Муз айыл аймагынын өкмөтүнүн бюджетинен мектептин спорт тармагына бөлүнгөн 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражатынын ичинен 82 190 (сексен эки миң бир жүз токсон) сом акча каражаты “Бороонду-Мүрөк” ИСКАКБнин ар кандай чыгымдарына которулуп берилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www.ak-muz-aimak.kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Иса уулу Нурланбекке тапшырылсын.
Төрага | У.Мокешов |