Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-декабры № 86
Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтунө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3-декабрь 2019-жылдагы № 458-р буйругунун негизинде кошумча келип түшкөн 306100 сом акча каражатын кароо жөнүндө
Депутаттардын Ак-Жар айылдык кещешинин VII чакырылышынын XXIII кезексиз сессиясында Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 3-декабрь 2019-жылдагы № 458-р буйругунун негизинде түрткү берүүчү каражат катары келип түшкөн 306100 сом акча каражатка кошумча план бекитүү боюнча Ак-Жар айыл өкмөтүнүн башчысы Кадыркулов Максат Турганалиевичтин кайрылуусун угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXIII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн дем берүүчү каражат катары келип түшкөн 306100 (үч жүз алты миң бир жүз) сом толугу менен айылдык маданият үйүнө музыкалык аппаратураларды жана башка жабдууларды сатып алууга жумшалсын.
2. Бул токтом айыл өкмөтүнүн www.ak-jar.ao.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы М. Т. Кадыркуловго милдеттендирилсин.
Төрага | Э.Осмонов |