Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-январы № 93
Ак-Жар айылынын тургуну М.Нурмамбетовдун арызын кароо жөнүндө
Депутаттардын Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXV кезексиз сессиясында Ак-Жар айылынын тургуну М.Нурмамбетовдун кайрылуусун угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагынын тургуну М.Нурмамбетовго Ак-Сай өрөөнүндөгү «Кароол-Дөбө» кыштоосундагы эски бузулган сарайдын орду жана 0,05 га жер аянты 50 (элүү)баш топоз багуу үчүн 5 (беш) жылдык мөөнөткө ижарага берилсин.
2. КР нын жер кодексине ылайык жер аянтын жеринде барып чектерин аныктап бөлүп берүү жана тиешелүү документтер менен камсыз кылуу Ак-Жар айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы Мокелен уулу Солтонбекке, келишим түзүү боюнча иш алып баруу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловко милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгынын реестерине киргизүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
Төрага | Э.Осмонов |