Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 17-январы № 94
«Кырман» участкасындагы 5,20га жер аянтын ижарага берүү үчүн торук өткөрүү жөнүндө
Депутаттардын Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXV кезексиз сессиясында Ак-Жар айылына тиешелүү «Кырман» участкасындагы 5,20га жер аянтын ижарага берүү учүн торук өткөрүү боюнча маселени карап жана талкуулап Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXV кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ак-Жар айыл аймагынын «Кырман» участкасынан 5,20га жер аянты торук өткөрүү менен ижарага15-жылдык мөөнөткө ижарага берилсин.
КР нын жер кодексине ылайык жер аянтын жеринде барып чектерин аныктап торук өткөрүү боюнча жарыя берип, тиешелүү документтер менен камсыз кылуу Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы адиси Ж.Жунусовго милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловко милдеттендирилсин.
Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгынын реестерине киргизүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
Төрага | Э.Осмонов |