Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 6-марты № 101
Ак-Жар айыл аймагынын тургуну Мукаш уулу Женишбектин арызын кароо жөнүндө
Депутаттардын Ак-Жар айылдык кещешинин VII чакырылышынын XXVII кезексиз сессиясында Ак-Жар айыл аймагынын тургуну Мукаш уулу Женишбектин «Ак-Сай» өрөөнүндөгү«Боз Айгыр-2» участкасына мал багып жайлоо үчүн жер сурап жазган арызын карап жана талкуулап Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагынын «Ак-Сай» өрөөнүндөгү«Боз Айгыр-2» участкасынан эски сарайдын ордуна 0,10га жер аянты мал багуу үчүн сарай салууга уруксаат берилсин.
2. КР нын жер кодексине ылайык жер аянтын жеринде барып чектерин аныктап тиешелүү документер менен камсыз кылуу жана келишим түзүү Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы адиси Ж.Жунусовго жана Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловко милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгынын реестерине киргизүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
Төрага | Э.Осмонов |