Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 6-марты № 104
Ак-Жар айыл аймагынын тургуну Т.Мусаевдин арызын кароо жөнүндө
Депутаттардын Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVII кезексиз сессиясында Ак-Жар айыл аймагынын тургуну Мусаев Төрөбектин «Ак-Сай» өрөөнүндөгү «Суур-Теке» участкасына мал багып жайлоо учүн жер сурап жазган арызын карап жана талкуулап Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагынын «Ак-Сай» өрөөнүндөгү «Суур-Теке» участкасынан эски сарайдын ордуна 0,10 га жер аянты мал багуу үчүн сарай салууга уруксаат берилсин.
2. КР нын жер кодексине ылайык жер аянтын жеринде барып чектерин аныктап тиешелүү документер менен камсыз кылуу жана келишим түзүү Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы адиси Ж.Жунусовго жана Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловко милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгынын реестерине киргизүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
Төрага | Э.Осмонов |