Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 6-марты № 106
Ак-Жар айыл аймагынын тургуну У.Чолуровдун арызын кароо жөнүндө
Депутаттардын Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVII кезексиз сессиясында Ак-Жар айыл аймагынын тургуну Чолуров Улуттун «Кызыл-Булак» участкасындагы жер алдындагы тамды мал багып кыштоо үчүн бөлүп берүүнү сурап жазган арызын карап жана талкуулап Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагынын «Кызыл-Булак» участкасындагы жер алдындагы там мал жандыгын багып кыштоо үчүн уруксаат берилсин.
2. КР нын жер кодексине ылайык жер аянтын жеринде барып чектерин аныктап тиешелүү документер менен камсыз кылуу жана келишим түзүү Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы адиси Ж.Жунусовго жана Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловко милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгынын реестерине киргизүү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
Төрага | Э.Осмонов |