Редакцияот 06.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Жар айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын XХVII кезексиз сессиясы 

 

2020-жылдын 6-марты № 107

Ак-Жар  айыл  аймагынын  тургуну  Мокелен уулу Солтонбектипн   арызын кароо жөнүндө

Депутаттардын Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVII кезексиз сессиясында Ак-Жар айыл аймагынын  тургуну   Мокелен уулу Солтонбектин  «Таш-Өтөк» участкасындагы  эски сарайдын ордуна сарай салып   мал багып жайлоо үчүн   чечим чыгарып берүү боюнча арызын  карап  жана талкуулап  Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVII кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

Ак-Жар айыл  аймагынын «Таш-Өтөк» участкасынан эски сарайдын  ордуна сарай салып мал багуу   үчүн сарай салууга   уруксаат  берилсин.

КР нын жер кодексине ылайык  жер аянтын жеринде барып  чектерин аныктап    тиешелүү  документер менен  камсыз кылуу жана келишим  түзүү  Ак-Жар айыл аймагынын  айыл  өкмөтүнүн  башкы адиси  Ж.Жунусовго жана  Табылды кызы Айжамалга  милдеттендирилсин.

Бул токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы М.Кадыркуловко  милдеттендирилсин.

Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгынын реестерине  киргизүү айыл  өкмөтүнүн жооптуу катчысы Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.

 

Төрага

Э.Осмонов