Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 6-марты № 109
2020-жылга жайыт акыларынын бекитүү боюнча
Депутаттардын Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVII кезексиз сессиясында Ак-Жар айыл аймагынын тургуну Мокелен уулу Солтонбектин 2020-жылга жайыт акыларын бекитүү жана көчүп конуу боюнча бааларды жана берүү боюнча арызын карап жана талкуулап Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVII кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагынын жашоочуларынын «10» январы 2020-жылдагы жалпы айыл тургундарынын токтому бекитилсин;
2. Айыл чегинде жайгашкан ички жайытка мал менен көчүү 1-майга чейин, жайлоого көчүү 5-июнга чейин, жайлоодон көчүп келүү 1-октябрдан кеч эмес мөөнөттөрү белгиленсин;
3. Ак-Жар айылында 1-майдан баштап бада уюштурулсун. Бадага субай мал алып калууга тыюу салынсын; Бада акысы Ак-Жар айылы үчүн 200 сом Ат-Башы -250 сом
Букага -100сомдон, Бадачылар жайыт комитети менен келишимдик негизде иш алып барышсын.
4. Малчы менен мал ээлеринин ортосунда түзүлчүү «Мал багып берүү боюнча кызмат көрсөтүү типтүү келишиминин» формасы бекитилсин.
5. Жайыттарды пайдалануу боюнча планда бекитилген жайыттарга көчүү, конуу эрежелерин жана мөөнөттөрүн сактабаган малчыларга КРнын Бузуулар боюнча Кодексинин беренелерине ылайык - Белгиленген тартипте кабыл алынган жана күчүнө кирген жайыттарды жана чөп чабындыларын башкаруу жана пайдалануу боюнча жайыт комитетинин планында белгиленген мөөнөтө бузгандыгы өчөн - жарандарга 3000– 7000 сомго чейин, кызмат адамдарына – 10 000 чейин администрациялык айып салынаары тууралуу эскертилсин;
6. Айыл чегинде жайгашкан жайыттагы сарай ээлерине 1 ат, 1 уй жана 5 койдон ашпаган мал алып калууга уруксат берилсин.
7. КРнын Бузуулар кодексинин беренелерине ылайык малды, канаттууларды жана башка жаныбарларды милдеттүү ветеринардык иш-чарларды өткөрүү үчүн көрсөтпөө (жашырып коюу) - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн бир, кызмат адамдарына – 5000 сомго чейин администрациялык айып салынаары тууралуу эскертилсин. (айып салуу –Ветеринардык көзөмөлдөө органы тарабынан жүргүзүлөт
8. Айыл тургундары өй тиричилигине керектөө малдан ашык мал алып калгандарга, жайыт эрежелерин бузуп айыл чегиндеги, жана алыскы жайыттарды которуштуруп пайдалануу талабына ылайык тыныктырууга бөлүнгөн жайыттарга мөөнөтүнөн мурда мал жайуу, ошондой эле тийиштүү уруксат албастан, табигый жана эгилме жайыттар аркылуу мал айдап өтсё КРнын Бузуулар боюнча Кодексинин беренелерине ылайык жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн 10000, кызмат адамдарына – 15000 чейин администрациялык айып салынаары тууралуу эскертилсин;
9. Бада кезеги келгенде адамдар-иштиктүү карым-катнаштардын каада-салттарынын негизинде түзүлгөн корук эрежелерин бузуп, бадага алып чыгуу мөөнөтүн бузуу менен же малды соңку жылдын 1-октябрь күнүнөн эрте алып келип КРнын Бузуулар кодексинин беренелерине ылайык Менчигинин түрүнө карабастан малдын же канаттуулардын айдоолорду майкандоосу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаадагы жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруусу же жок кылуусу, бак-дарактарга зыян келтирүүсү анча чоң эмес өлчөмдө жасалса, - эсептешүү көрсөткүчүнүн 10000 сомго чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салуу эскертилсин. Менчигинин түрүнө карабастан малдын же канаттуулардын айдоолорду майкандоосу, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн талаадагы жыйналган түшүмүн керектөөдөн чыгаруусу же жок кылуусу, бак-дарактарга зыян келтирүүсү айдоолордун менчик ээсине олуттуу зыян келтирсе, - эсептешүү көрсөткүчүнүн 20000 сомго чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салынаары тууралуу эскертилсин
10. Малын кароосуз калтырып, дыйкандардын эгин жана чөп аянттарына олуттуу зыян келтирсе, келтирилген зыяндын ордун мал ээси тарабынан төлөнҮп берилеери эскертилсин.
11. Жай жана көз мезгилинде дыйкандардын түшүмүнө зыян келтирбеш үчүн ээн жүргөн малдарга 1-майдан тартып корук, камак уюштурулсун.
12. Коңшу айыл аймагынын малчылары тарабынан малдар, мал айдалып өтүүсү трасса жана мал токтоочу аянтчаларда кармоосун көзөмөлдөө корукчугажана жайыт комитетине милдеттендирилсин
13. Жогорудагы айыптарды салуу КРнын Бузуулар Кодексинин беренелерине ылайык Ак-Жар айыл аймактык (жергиликтөө ёз алдынча башкаруу органыны) Бузуулар боюнча комиссия тарабынан жөзёгё ашырыла тууралуу эскертилсин (жергиликтөө комиссиянын курамы тиркелет). Тиешелуу документтерди даярдап берөө менен укук бузууларды алдын-алуу Ак-Жар айыл окмотунун башкы адиси Ж.Жунусовго жана жайыт комитетинин тёрагасы Мокелен уулу Солтонбекке милдеттендирилсин;
Төрага | Э.Осмонов |