Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-майы № 110
Ак-Жар айыл аймагынын Ж.Надырбеков көчөсүнүн тургундарынын жазган арызы жөнүндө.
Депутаттардын Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVIII кезектүү сессиясында Ак-Жар айыл аймагынын Ж.Надырбеков көчөсүнүн тургундарынын жазган арызын карап жана талкуулап Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVIII кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Ак-Жар айыл аймагынын ички арыктарына суу алып келүү үчүн Ж.Надырбеков көчөсү менен Босбай көчөсүнүн кесилишине суу өтүүчү труба коюп берүү жагы милдеттендирилсин.
Труба коюууга керектелүүчү акча каражаты айыл өкмөтүнө келген аренда акыларынын эсебинен жүргүзүлсүн.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгынын реестерине киргизүү айыл өкмөтүнүн адиси Г.Исираиловага милдеттендирилсин
Төрага | Э.Осмонов |