Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-майы № 111
Ак-Жар айыл аймагында Сары-Гоо участкасында жайгашкан Ат-Башы кирпич заводунун ишмердиги жана ижара акысы боюнча
Депутаттардын Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVIII кезектүү сессиясында Ак-Жар айыл аймагында жайгашкан Ат-Башы кирпич заводунун ижара акысы жана айыл аймагын өнүктүрүүгө кошкон акча каражаты боюнча айыл өкмөтүнүн милдетин аткаруучу Табылды кызы Айжамалдын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVIII кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагындагы Сары-Гоо участкасындагы Ат-Башы кирпич заводунун келүүчү 100000 (жүз) мин сом ижара акысы айыл аймагындагы спорттук машыгуучу залын оңдоп түзөө иштерине жана инвентар алууга жазылган долбоордун өздүк салымына жумушалсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгынын реестерине киргизүү айыл өкмөтүнүн адиси Г.Исираиловага милдеттендирилсин
Төрага | Э.Осмонов |