Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-майы № 112
Ак-Жар айыл аймагынын жайыт комитетине тиешелүү фронталдык жүк жүктөөчү техникасын Аалам Строй куруучу ишканасына ижарага берүү боюнча
Депутаттардын Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVIII кезектүү сессиясында Ак-Жар айыл аймагынын жайыт комитетине тиешелүү фронталдык жүк жүктөөчү техникасын ижарага берүү боюнча билдирүүнү угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVIII кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагынын жайыт комитетине тиешелүү фронталдык жүк жүктөөчү техникасы Аалам Строй куруучу ишканасына 1 (бир) айлык мөөнөт менен ижарага берилсин.
2. Ижара акысы 40000 (кырк) мин сом деп белгиленсин, айдоочунун эмгек акысы иштеген ар бир күн үчүн 1000 (мин) сомдон төлөп берүү жагы суралсын, күйүүчү май ижарага алган тарап өз эсебинен жүргүзүлсүн, ижара акысы айылдык маданият үйүн оңдоп түзөө иштерине жумушалсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгынын реестерине киргизүү айыл өкмөтүнүн адиси Г.Исираиловага милдеттендирилсин
Төрага | Э.Осмонов |