Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-майы № 113
Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы Ак-Жар муниципалдык ишканасын ачуу жөнүндө
Депутаттардын Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVIII кезектүү сессиясында Ак-Жар айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы Ак-Жар муниципалдык ишканасынын түзүү боюнча жобо менен таанышып жана талкуулап Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVIII кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл аймагында айыл өкмөтүнүн алдындагы Ак-Жар муниципалдык ишканасы ачылсын.
2. Ак-Жар муниципалдык ишканасынын уставы бекитилсин жана Нарын облустук юстиция башкармалыгынан субьект катары каттоодон өткөрүп иш кагаздары менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн адиси Г.Исираиловага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгынын реестерине киргизүү айыл өкмөтүнүн адиси Г.Исираиловага милдеттендирилсин
Төрага | Э.Осмонов |