Загрузка документа…
АК-ЖАР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 27-майы № 115
Ак-Жар айыл аймагынын тургуну И. Осмоновдун арызын кароо жөнүндө.
Депутаттардын Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVIII кезектүү сессиясында Ак-Жар айыл аймагынын айыл тургуну И.Осмоновдун Ак-Жар айылдык кенешине жазган арызын карап жана талкуулап Ак-Жар айылдык кеңешинин VII чакырылышынын XXVIII кезектүү сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн балансында турган 1985-жылы өндүрүштөн чыккан ЮМЗ-6 Экскватору көп жылдык эмгегин баалоо менен Ак-Жар айыл аймагынын тургуну Осмонов Исабай Бариевичтин жеке менчигине чыгарылып берилсин.
2. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн балансында турган 1985-жылы өндүрүштөн чыккан ЮМЗ-6 Экскваторунун И.Осмоновдун менчигине өткөрүп берүү жана иш кагаздарын бүткөрүү айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Т.Аттокуровко милдеттендирилсин
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Табылды кызы Айжамалга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду Нарын облустук юстиция башкармалыгынын реестерине киргизүү айыл өкмөтүнүн адиси Г.Исираиловага милдеттендирилсин
Төрага | Э.Осмонов |