Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 20-февралы № 51/2
Айыл өкмөтүнө кошумча штаттык бирдиги жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 5-августундагы №451 токтомуна ылайык Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы С.М.Табылдиевдин кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 5-августундагы №451 токтомуна ылайык калктын саны 7000 (жети миң) адамдан ашкандыгына байланыштуу кошумча “Турак жай коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар” боюнча, “Инвестициятартуу” боюнча штаттык бирдиги ачылсын.
2.Кошумча штаттык бирдик боюнча тиешелүү иш алып баруу жагы айыл өкмөт башчысы С.М.Табылдиевге тапшырылсын.
Төрага | К. Жумабеков |