Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-апрели № 53/1
2020-жылга карата жазгы айдап себүү жумуштарына техникалык кызмат көрсөткөн техникалардын кызмат акыларын бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынынын дыйкан-фермерлерине 2020-жылга карата жазгы айдап себүү жумуштарына техникалык кызмат көрсөткөн техникалардын кызмат акылары боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.М.Табылдиевдин сунушун угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Суу айыл аймагынынын дыйкан-фермерлерине 2020-жылга карата жазгы айдап себүү жумуштарына техникалык кызмат көрсөткөн техникалардын кызмат акылары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
1.Айдоо (соко) 1 га. 1000 (бир миң) сом; 25 литр күйүүчү май.
2.Малалоо бир сыйрасы 1га. 300(үч жүз) сом; 10 литр күйүүчү май.
3.Планировка 1га. 300(үч жүз) сом; 10 литр күйүүчү май.
4.Себүү (сеялка) эки сыйрасы 1 га. 500 (беш жүз) сом 15 литр күйүүчү май.
5.Арык тартуу узундугуна карабай 50(элүү) сом 5 литр күйүүчү май.
6.Эгин чабык (комбайн) 1 га. 1000 (бир миң) сом; 25 литр күйүүчү май.
7.Чөп чабык 1га. 1000 (бир миң) сом- 600 (алты жүз) сом 10 литр күйүүчү май.
8.Чөп таңгактоо бир даана таңгак 5(беш) сом 1га. жер аянтына 10 литр күйүүчү май.
9.Эгин, чөп, саман тартып жеткирүү 1 рейсине 300(үч жүз) сом 10 литр күйүүчү май.
2.Бул токтомду жетекчиликке алып аткартуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.М.Табылдиевге милдеттендирилсин.
Төрага | К. Жумабеков |