Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 4-апрели № 53/2
Кара-Суу айыл аймагынын тургундарынын төрт түлүк малын 2020-жылга карата жайлоого жайлатуу үчүн алып чыккан малчы бадачылардын эмгек акыларын бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын тургундарынын төрт түлүк малын 2020-жылга карата жайлоого жайлатуу үчүн алып чыккан малчы бадачылардын эмгек акылары боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.М.Табылдиевдин сунушун угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кара-Суу айыл аймагынын тургундарынын төрт түлүк малын жайлоого алып чыгып багып келүүдө, мал баккан бадачылардын эмгек акылары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
-Кой, козу башына 25 (жыйырма беш) сомдон.
-Эчки, улак башына 30 (отуз) сомдон.
-Уй, торпок башына 200 (эки жүз) сомдон (саандарына мал ээси менен бадачынын
макулдашуусу).
-Жылкы, тай башына 200 (эки жүз) сомдон (саандарына жана мингичтерине мал ээси
менен бадачынын макулдашуусу).
2.Кара-Суу айыл аймагынынын тургундарынын төрт түлүк малын багуучу бадачыларга 2020-жылдын 20-апрель күнүнөн калбай алыскы жайыттарга көчүү жагы эскертилсин.
3.Айдоо аянт жерлеринин корук иштери 2020-жылдын 10-апрель күнүнөн башталсын. Малды корук айдоо аянттарына жайган атуулдарга 1(бир) баш кой-эчкиге(козу улак) дебей -20(жыйырма) сомдон, 1(бир) баш бодо малга (тай-торпок) дебей 500 (беш) жүз сом айып пул белгиленсин.
4.Жайлоодон төрт түлүк малды 2020-жылдын 5-октябрынан эрте көчүрүп түшүргөн бадачыларга 1(бир) баш кой-эчкиге(козу улак) дебей -50(элүү) сомдон, 1(бир) баш бодо малга (тай-торпок) дебей 500 (беш) жүз сомдон айып пул салынаары эскертилсин.
2.Бул токтомду жетекчиликке алып аткартуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы С.М.Табылдиевге милдеттендирилсин.
Төрага | К. Жумабеков |