Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 23-марты №30/149
Жыл башындагы бекитилген акча каражатын которуп пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 30-январь 2020-жылдагы кезектеги XXVIII сессиясында бош калган каражаттан бөлүнгөн акча каражатынан Кырзыз Республикада түзүлгөн кырдаалга байланыштуу калктын коопсуздугун камсыздоо жана коронавирус оорусун алдын алуу максатында -2215 -ар кандай чыгымга каралган 113,0 сомдон 23,0 сомду, -2221 -ремонтко каралган 133,0 сомдон 40,0 сомду, -3112 -инвентар алууга каралган 113,0 сомдон 53,0 сомду пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Н.Курмановдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жыл башында бош калган каражаттан ар кандай чыгым, ремонтко жана инвентар алуугакаралган акча каражаттан 116,0 сомду -2215- (өзгөчө кырдаалдар) статьясына которуп пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |